Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында 36 мектеп курулат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталды.
“Ал эми бюджеттик эмес каражаттан, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу борбордо дагы 13 мектеп курулат. Андан башка 3 мектепти өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен курабыз. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылдын ичинде 9 мектеп курулуп, 15 кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди. Кошумча окуу корпусу деп аталганы менен бул мектеп салганга барабар болгондуктан, ишенимдүү түрдө борбор калаада 24 мектеп курулду деп так айта алам”,- деди мэр.
Калаа башчысы өз сөзүндө демографиялык өсүшкө жана ички миграцияга байланыштуу борбордогу билим берүү уюмдарында окуган балдардын саны өскөндүгүн белгиледи.
“2019-2020-жылдын жыйынтыгында шаардагы билим берүү уюмдарында болжол менен 160 миң окуучу билим алат деп саналса, бүгүнкү күндө алардын саны 275 миңге жеткен. Бул демографиялык өсүш жана ички миграциянын жогорку деңгээли менен шартталат. Акыркы 5 жыл ичинде борбор калаанын окуучулардын саны дээрлик 1,5 эсеге өстү. Бул чакырыктарга жооп катары инфраструктураны өнүктүрүү багытында кеңири масштабдуу иштер жүрүүдө”,- деди Жунушалиев.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө билим берүү системасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналарын кошумчалады.