Быйыл Баткенде "Өрүкзар" фестивалы 36-ирет өтөт

Аймак 4 август 2026 16:40
Быйыл Баткенде "Өрүкзар" фестивалы 36-ирет өтөт

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Баткен облусунда быйыл 36-ирет эл аралык "Өрүкзар" фестивалы өтөт.

Фестивалдын уюштуруу тобунан билдиришкендей, маданий иш-чара 18-20-сентябрда Белес эс алуу жайында уюштурулат.

Фестивалдын алкагында акындар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, тасма жаратуучулар жана обон чыгарган өнөрпоздор арасында чыгармачылык сынактар өткөрүлөт.

Катышуучулар "Өрүкзар – назымы", "Өрүкзар – насыры", "Өрүкзар – тасмасы", "Өрүкзар – кыл калеми" жана "Өрүкзар – кайрыгы" номинациялары боюнча күч сынашат. Ошондой эле 17 жашка чейинки таланттардын көркөм окуу сынагы уюштурулат.

Фестивалга Кыргызстан менен катар Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана чыгармачыл инсандар чакырылат.

Уюштуруучулардын айтымында, "Өрүкзар" фестивалынын максаты Баткендин өрүкзарларын, улуттук маданиятты, адабиятты жана чыгармачылык мурасты даңазалоо, жаңы таланттарды колдоо болуп саналат.