Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Быйыл 2ГИС карталык сервисинин мамлекеттик тилдеги версиясы ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен 2ГИС компаниясынын өкүлүнүн жолугушуусунда талкууланды.
Улуттук комиссиядан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагында 2ГИС сервисин мамлекеттик тилде жеткиликтүү кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, кызматташтыктын алкагында аткарылуучу пландар жөнүндө ой бөлүштү. Ошондой эле алар мамлекеттик тилди санарип мейкиндикте кеңейтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча пикир алмашты.
2ГИС компаниясынын маалыматына ылайык, учурда сервисти мамлекеттик тилге которуу процесси жүрүп жатат. Котормо иштери Улуттук комиссияга караштуу Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Бул кыргыз тилинде маалымат алууну жеңилдетип, жарандар үчүн сервиске болгон жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы мындан ары да мамлекеттик тилдин маалыматтык технологиялар тармагында кеңири колдонулушун камсыздоо багытында иш алып баруусу улантылары кошумчаланды.