Быйыл 100дөн ашык ишкана ачылып, миңдеген жумуш орундары түзүлдү

Президент Загрузка... 10 Ноябрь 2025 16:36
24472_1724304784_lg.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Быйыл жүздөн ашык ишкана ачылып, миңдеген жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, жумуш орундарын түзүү процесси мындан ары да улана бермекчи.

“Эки жыл мурун эң негизги маселе – жаңы жумуш орундарын түзүү жана арзан турак жайларды куруу – Кыргызстандын жаштарын эң көп түйшөлткөн көйгөйлөр мына ушулар, - дедим эле.

Бул сөзүмдүн өтөөсүнө чыгуу боюнча, буюрса, жигердүү иштер жүрүп жатат. Былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди", - деди президент.

Ошондой эле ал акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батир ээлерине тапшырылганын айтты.

"Ондогон жылдар бою батирлеп жүргөн миңдеген жарандарыбыз четинен үйлүү боло башташты. Жаштардын үйлүү болуусу – бул жөн гана социалдык маселе эмес, бул ар бир үй-бүлөнүн туруктуулугун, келечекке ишенимин бекемдеген мамлекеттик саясат. Ошондуктан, Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат.

Бул Кыргызстан тарыхында болуп көрбөгөн масштабдагы программа! Биздин максат – ар бир кыргызстандык өз жеринде, өз үйүндө бакубат турмушта жашоосуна кам көрүү болуп саналат", - деди Садыр Жапаров.