БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк: Кыргыз дипломатиясынын тарыхый ийгилиги

Саясат 24 Август 2026 15:40
37e65553-f96d-3b8e-baec-6daf44492c7b.jpg
f81e8f3e-8205-32a7-bbce-821ba6638177.jpg
8d238dd1-d84d-3e76-8776-4067947e1d6a.jpg
0e434f7a-f4a9-3402-8e1d-e72553001e3e.jpg
05feaa9b-4330-319c-8298-fed985d32495.jpg
5223c4f5-8b2e-3c3e-9f66-dfeaeb0bf53e.jpg
Алдыга
Артка
37e65553-f96d-3b8e-baec-6daf44492c7b.jpg
f81e8f3e-8205-32a7-bbce-821ba6638177.jpg
8d238dd1-d84d-3e76-8776-4067947e1d6a.jpg
0e434f7a-f4a9-3402-8e1d-e72553001e3e.jpg
05feaa9b-4330-319c-8298-fed985d32495.jpg
5223c4f5-8b2e-3c3e-9f66-dfeaeb0bf53e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүктүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган тематикалык коллегиянын жыйыны болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомствонун башчысы бул тарыхый ийгиликке мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана координациясы, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнүн жана дипломатиялык кызматынын бардык ресурстарынын кеңири мобилизацияланышынын натыйжасында жетишилгенин белгиледи.

Ошондой эле 2025–2026-жылдар аралыгында өнөктүктүн алкагында 1500дөн ашык эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, көптөгөн өз ара сапарлар ишке ашырылганы, Кыргызстандын делегацияларынын дипломатиялык сапарларынын географиясы Европадан Африкага, Океаниядан Кариб бассейнине жана Латын Америкасына чейин кыйла кеңейтилгени белгиленди. Мындан тышкары, өнөктүктүн жүрүшүндө 15 мамлекет менен дипломатиялык мамилелер түзүлүп, учурда Кыргызстан дипломатиялык мамилелерди түзгөн БУУга мүчө мамлекеттердин жалпы саны 185ке жетти.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир Кыргызстандын элчисинин жалпы өнөктүккө жана өлкөнүн ийгиликтүү шайланышына кошкон салымы кеңири каралды. Ошону менен катар Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча иште пассивдүүлүк көрсөткөн айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилерине карата сын-пикирлер айтылды.

Жыйындын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы иш жогорку жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана сапаттуу практикалык натыйжалуулукту талап кыларын эске алуу менен, келечектеги ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кадрдык потенциалын күчөтүү боюнча чаралар каралды.