БУУнун өкүлү дүйнөдөгү ачарчылыктын себептерин атады

Дүйнө Загрузка... 30 Ноябрь 2025 13:14
WhatsApp Image 2025-11-30 at 13.12.42.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Дүйнө коомчулугу азырынча ачарчылык көйгөйүн толук чече элек. Анын башкы себептери - куралдуу жаңжалдар, жаратылыш кырсыктары жана экономикалык туруксуздук болууда. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Россия менен байланыштар бөлүмүнүн директору Олег Кобяков РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

“Биз дүйнө коомчулугу азырынча ачарчылыкка каршы күрөштө жетиштүү жыйынтык көрсөтө албай жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Анын себептери - куралдуу жаңжалдар, жаратылыш кырсыктары, коронавирус пандемиясынын кесепеттери жана башка геосаясий-экономикалык дүрбөлөңдөр. Алар өз кезегинде, азык-түлүк бааларынын өсүшүнө да алып келди”,-деген анда Кобяков.

Анын билдирүүсүнө караганда, 2024-жылы дүйнө жүзүндө 638 миллиондон 720 миллионго чейинки адам ачарчылыкта жашаган. Бул планетанын жалпы калкынын 7,8-8,8%ы, же ар бир 11-12инчи тургун ачарчылыкта дегенди билдирет.