БУУ Кыргызстанга сапаттуу билим берүү жаатында колдоо көрсөтүүнү улантат

Билим Загрузка... 10 Июль 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.45 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен тар чөйрөдө жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул 2030-жылга чейин дүйнө өлкөлөрү ишке ашырууга тийиш болгон 17 глобалдык максаттын жыйындысы. Алардын ичинен "ТӨМ 4 – Сапаттуу билим" багыты өзгөчө мааниге ээ болуп саналат. Бул максат ар бир жаран үчүн өмүр бою инклюзивдүү, адилеттүү жана сапаттуу билим алууга шарт түзүүнү көздөйт.

БУУ улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда жана билим берүү тутумун өнүктүрүүдө Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүүнү улантары белгиленди.