БУУ: Афганистанда болгон жер титирөөдөн 263 миң бала жабыркады

Дүйнө Загрузка... 09 Сентябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-09-09 at 10.26.40.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Афганистандын чыгышындагы Гиндукуш тоолорунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 500 миңден ашуун адам жабыркаган жана алардын жарымынан көбү – балдар болгон. Бул тууралуу БУУнун ЮНИСЕФ балдар фондуна таянып, ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, зилзаланын кесепети жалпысынан 263 миң балага тийген. Андан сырткары 30 айыл жамаатына жүргүзүлгөн мекемелер аралык экспресс-баалоонун жыйынтыгы боюнча 19 781 бала зыян тарткан. Алардын 10 миңден ашыгы – кыздар, 9,4 миңге жакыны – эркек балдар.

ЮНИСЕФ уюму бул көрсөткүчтөргө ылайык жер титирөө эң көп балдарга зыян алып келгенин белгилеп, аларды коргоо жана зарыл жардамдарды камсыз кылуу абдан маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 31-август күнү Афганистанда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 2 200дөн ашык адам каза таап, 3 600гө жакыны жаракат алган. Ошондой эле 5 миңден ашуун турак жайлар, ондогон айылдар кыйроого учураган.