БУУ: Афганистан оор гуманитардык кризисти башынан кечирүүдө

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2026 09:25
a4f8f165-0b1c-4806-803d-e4630fe20bbb.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Афганистан дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бирин башынан кечирүүдө. Бул тууралуу БУУнун сайтына таянып, Казинформ агенттиги билдирди.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жаңы баяндамасына ылайык, узак жылдарга созулган согуш, климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук жана аялдардын коомдук жашоого катышуусуна коюлган чектөөлөр өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды олуттуу начарлаткан.

Учурда өлкө калкынын 74 пайызы, башкача айтканда болжол менен 29 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж. ПРООН көчүүгө аргасыз болгон жарандарды жана аларды кабыл алган жамааттарды колдоп, жаңы киреше булактарын түзүүгө көмөк көрсөтүүдө.

БУУнун маалыматына ылайык, 2026-жылы 570 миңден ашуун афган жараны үчүнчү өлкөлөргө көчүүгө муктаж болушу мүмкүн. Уюм бул багытта билим алуу, эмгек миграциясы жана үй-бүлөлөрдү бириктирүү программаларын кеңейтүүгө чакырууда.

Эл аралык уюмдар өлкөдө гуманитардык жардам көрсөтүү менен катар, узак мөөнөттүү калыбына келтирүү жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.