Бул чакырылыш жаңы мыйзам менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламент – президент

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 12:20
600222854_25471349035818432_3992097059612355263_n.jpg
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Бул чакырылыш жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламент. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын калың элдин элегинен өтүп, парламентке шайланып, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, эл өкүлүнүн ишмердигине киришип жаткандары менен куттуктады.

“Берген антыңыздарга бекем турат деп ойлойм. Эл үчүн, мамлекет үчүн чын ниеттен иштеп бересиздер деп терең ишенем”, - деди Садыр Жапаров.