Ташкент, 18.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов күнмурун Өзбекстандын Көркөм сүрөт академиясынын төрагасы Акмал Нур менен жолугушуп, Бухара шаарында Манас баатырга арналган эстелик орнотуу демилгесин сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Элчинин айтымында, Манас эстелигинин Бухарада орнотулушу символикалык мааниге ээ. Эпосто Каныкей энебиз Бухара ханынын кызы катары сүрөттөлөт. Бул факт эки элдин ортосундагы тарыхый жана руханий байланыштын далили катары бааланууда. Өзбек тарабы бул сунушту колдоо менен кабыл алып, мындан аркы уюштуруу иштерин чогуу жүргүзүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушууда ошондой эле Ташкент шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн, мастер-класстарды уюштуруу жана чыгармачылык алмашууларды активдештирүү маселелери көтөрүлдү. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Өзбекстанда өтүүчү биенналелерге жана башка маданий иш-чараларга катышуусу боюнча да макулдашууга жетишилди.
Тараптар мындан аркы кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.