Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери 10 миңге жакын үй-бүлөнү турак жай менен камсыздады. Буга жалпы жонунан 17,2 млрд сом суммасында каражат жумшалган. Анын ичинен 2015-2020-жылдары “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу 5 430 үй-бүлө үйлүү болгон. Ал үчүн 6,6 млрд сомдук каржылоо берилген.

2021-2026-жылдарга белгиленген “Менин үйүм” турак жай программасынын алкагында 4 369 үй-бүлө турак жай алган. Бул 10 млрд 173 млн 117 миң сомго каржыланган.
Мамлекеттик ипотекалык компания алгачкы 5 турак жай комплексинин курулушун аяктап, турак жай программасынын катышуучуларына 3 026 батирдин ачкычын тапшырды:
- Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45-45А дарегинде - 549 батир;
- Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91 дарегинде - 986 батир (1-этабы);
- Бишкек шаары, Ч.Айтматов көчөсүндө – 612 батир;
- Жалал-Абад шаары, Асман Резиденс -1 – 639 батир;
- Жалал-Абад облусу, Сузак айылы, Асман Резиденс - 5 – 240 батир.

Жарандардын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү үчүн учурда республика боюнча 61 миң 817 батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул объектилердин жалпы аянты 4 млн чарчы метрди түзүп, болжолдуу баасы 237 млрд сом деп бааланууда.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдиргендей, 60 миңден ашуун батирдин курулушун 2027-2028-жылдарга толук бүтүрүүгө аракеттер көрүлүүдө.

2025-жылдын аягына чейин республика боюнча 5 миңден ашык батирдин курулушун аяктоо пландалып жатат. Анын ичинде:
- Бишкек шаары – 2 412 батир;
- Жалал-Абад облусу – 2 409 батир;
- Ысык-Көл облусу – 420 батир;
- Нарын облусу – 433 батир;
- Талас облусу – 319 батир.

Курулушу жүрүп жаткан объекттердеги батирлердин баалары менен МИКтин расмий сайтынан кененирээк таанышсаңыз болот.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында турак жай алууга кезекте 50 миңден ашуун жаран катталган.

Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлерди “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берет:
“Жеңилдетилген ипотека”:
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;
- бюджеттик мекемеде иштеген жарандар үчүн;
“Социалдык ипотека”:
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде иштеген жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге;
“Арзан ипотека”:
- баштапкы төлөмү жок;
- 25 жылга чейин, жылдык 8% менен;
- жеке чөйрөдө иштеген жарандар үчүн;
“Үлүштүк курулуш”:
- мында 50% баштапкы төлөм талап кылынат;
- 8% менен 15 жылга чейин берилет;
- бардык жарандарга жана мигранттарга жеткиликтүү.

Санариптик трансформация программасынын алкагында 2024-жылдын октябрында компаниянын электрондук порталын модернизациялоо ийгиликтүү ишке ашырылды. Жаңы функциялар кезектин учурдагы абалын ыкчам көзөмөлдөөгө гана эмес, өтүнмөнүн статусунун өзгөрүшү жөнүндө эскертмелерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул система менен өз ара аракеттенүүнү олуттуу жакшыртат жана жарандардын тейлөө борборлоруна кайрылууларынын санын азайтат. Бүгүнкү күндө президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик ишканасы менен “Түндүк” тиркемеси аркылуу турак жай алууну каалаган жарандарды каттоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги