Буэнос-Айресте поезд рельстен чыгып кетип, кеминде 19 киши жабыркады

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 14:36
_KKP9748_0.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Буэнос-Айресте жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып кетип, кеминде 19 киши жабыркады. Бул тууралуу Infobae басылмасы кабарлаганын Известия жазды.

Маалыматка крааганда, кырсык 11-ноябрда Линьерс станциясынан анча алыс эмес жерде болгон.

Шаардык тез жардам кызматынын башчысы Альберто Кресчентинин айтымында, 9 жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Алардын жарааттары жеңил жана орто оор деп бааланууда.

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

Эске салсак, 3-сентябрда Португалияда фуникулер оодарылып кеткен. Анда 15 адам каза таап, дагы 18 киши жаракат алган.