“Бучук” алтын кени Нарын облусундагы эӊ ири инвестициялык долбоор

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Нарын облусунун Нарын районунундагы “Бучук” алтын кенинен аймактагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө акыркы 4 жылда 200 млн сом түз инвестиция салынды. Бул тууралуу кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining Company” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн координатору Тынчтык Алтымышев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Миң-Булак айыл өкмөтүндө Солтон-Сарыдагы “Бучук” алтын кенин иштеткен кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining Company” компаниясы тарабынан 2025-жылга карата Миң-Булак айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн 50 млн сомго аймактагы Куйбышев, Миң-Булак-2, Өрнөк, Эмгекчил, Эчки-Башы, Оттук, Лахол жана Жер-Көчкү айылдарына социалдык объектилер курулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Учурга чейинки үч жылда да 50 млн сомдон жылына каражат бөлүнүп келген.

“Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу, 21 байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн чечими менен долбоорлорду карап чыгуу күн тартибинде каралат жана акча каражат социалдык пакет катары үч кварталга бөлүнүп берилет. Мисалы, Миң-Булак айыл аймагына мал соючу ишкана салуу, таза эт чыгаруу долбооруна 17 млн сом, таза суу резервуарын жасоого 2,5 млн сом, Куйбышев айылына тротуар курууга 2,5 млн сом каралган. Өрнөк айылында бала бакча курууга сметалык баасы 1,2 млн сомдук долбоор пландалган деп ар бир айылга бөлүштүрүлгөн иш-планга жараша акча каражаты бөлүнгөн”, - деди Алтымышев.

Ал эми 2024-жылга карата компания тарабынан Миң-Булак айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна келип түшкөн 43 млн сомго төмөнкүдөй иштер аткарылгандыгы маалымдалды:

- Куйбышев айылында өздүк салым катары 4 млн сом жумшалып, 45 айымды иш менен камсыз кылган кол өнөрчүлүк ишканасы ачылды;

- “Куру-Терек” индустриялык өндүрүш зонасын курулушка даярдоо, аянтын кеңейтүү, суу, жол, асфальт менен камсыздоого 9 млн сом каражат жумшалды;

- Мык чыгаруучу өндүрүштүк цехтин чатырына жана ичин жылуулоого 1 млн 450 миң сом каражат жумшалган;

- Жалгыз-Арча, Кара-Бука чөп чабык жайлоолорун тосууга 3 млн 421 миң 434 сом сарпталды;

- Куйбышев айылындагы Шайыр апаларга музыкалык аспаптар 360 миң сомго алынып берилди;

- А. Тыныбеков атындагы орто мектептин окуучулары үчүн интерактивдүү доска сатып алууга 250 миң сом бөлүнүп берилген.

- 8 айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен ЖРТдан мыкты балл алган окуучуларды сыйлоого 300 миң сом бөлүнүп, “Жигули” унаасы жана 6 ноутбук тапшырылды;

- Эмгекчил айылындагы бала бакчага эмеректерди алып берүүгө 300 миң сом жумшалып, кошумча класстар жабдылды;

- Куйбышев айылына жаны парк салуу учун 6 млн 202 миң сом бөлүнүп, учурда курулуш иштери жүрүүдө;

- Куйбышев айылына жабык футбол аянтын курууга 10 млн сом берилди;

- Миң-Булак айылына мини-футбол аянтчасын курууга 3 млн 976 миң сом которулду;

- Байдулу жайлоосунун оозун тосуп, малдын эгинге түшүүсүн алдын алууга 1 млн 772 миң сом берилип, 4800 метр жер бийиктиги 180 см тор менен тосулду;

- Өрнөк айылынан Куйбышев айылына бала бакчага жеткинчектерди ташып келүү үчүн спринтер унаасын сатып алууга 1 млн сом берилип, учурда кызмат кылууда;

- Куйбышев, Өрнөк айылдарындагы мектептердин от казандарын алмаштырууга 370 миң сом берилген;

- Үч-Чат участогуна суу түтүкчөлөрүнүн материалдарын алууга 1 млн 228 миң сом каралган.

Ошондой эле “Zhong Ji Mining Company” компаниясы 2017-2023-жыл ичинде жалпысынан 12 млрд сомдон ашуун каражатты Солтон-Сары аймагындагы “Бучук” алтын кен жайындагы курулуштарга инвестиция салып, бул алтын кен Нарын облусундагы эӊ ири инвестициялык долбоор аталды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 27-июнунда президент Садыр Жапаров Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде жергиликтүү эл менен жолугуп, абал менен жакындан таанышып кыргыз-кытай биргелешкен "Zhong Ji Mining Company" ЖЧКсынын кенди иштетүү ишмердигин улантуу боюнча чечим кабыл алган. Муну өлкө башчысынын ошол кездеги маалымат катчысы Эрбол Султанбаев расмий түрдө маалымдаган.

“Президент Жапаров июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин "жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат", - деген үнүн уккан. Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө социалдык пакет төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө заманбап технология колдонулат, жаратылышка зыяндуулугу болбойт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат”,- деп жазган Эрбол Султанбаев.

2022-жылдын 22-августунда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кен жайында болуп, компания жетекчилигине бардык талаптарды аткаруу менен кенди иштетүүгө карата курулуш иштерин баштоого уруксат берип, курулушу жанданган.

Тынчтык Алтымышев маалымдагандай, “Бучук” кени 2024-жылдын ноябрь айынан тартып ишке кирип, азыркы учурда болжол менен 400 кг чукул алтын өндүргөн.

“Компаниянын өзүндө жалпы 191 адам эмгектенсе, анын 52 кытай, 139 кыргыз жараны. Андан башка, субподряддык, башкы подряддык компанияларда 100гө чукул, ошондо сезонго жараша Кыргызстандан бир 250-300кө чейин жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болууда”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы өлкөдө катталган алтын өндүрүү боюнча ишмердик жүргүзгөн инвестициялык компания. Компания 2009-жылдын 9-февралында Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кенин иштетүү лицензиясына ээ болгон. Бул компаниянын кен иштетүү ишмердигине укук берген мамлекеттик маанилүү документке ылайык, лицензиялык аянттын көлөмү – 1500 гектар жер.

Белгилей кетсек, биргелешип кен казуу иштерин жүргүзүү, жумуш орундарын түзүү, жашоочулар үчүн социалдык пакет төлөнүүсү аймакты өнүктүрүүгө, жергиликтүү элдин жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

Жалпысынан быйылкы жылга карата Нарын облусу боюнча 17 долбоор ишке ашырылмакчы. Анын ичинен Нарын районунда - 7, Ак-Талаа районунда – 4, Жумгал районунда – 3, Ат-Башы районунда – 2 долбоор аяктап ишке кирет.