Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бишкекте 14-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата "Кант диабети: заманбап медицинага чакырык" аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага алдыңкы экдокринологдор, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери, Эл аралык кант диабети фередациясынын өкүлдөрү, илимий коомчулук жана Кыргызстандык жана чет элдик дарыгерлер катышууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы эндокринологу, Эндокринология борборунун башкы дарыгери Наталья Добрынинанын айтымында, конференция жыл сайын өтүп, өлкө боюнча адистерди чогултат. Ал ушундай эле конференциялар аймактарда дагы өтөрүн кошумчалады. Ошол эле маалда бейтаптар үчүн кант диабетин алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана эрте аныктоо боюнча ар кандай акциялар өткөрүлүүдө.
"Бул күндүн максаты — адамдарды диабет көйгөйү менен тааныштыруу, анткени бул "унчукпаган өлтүргүч", ал билинер-билинбес өнүгүп отуруп, көпчүлүк учурда адамдар аны өтө кеч билишет", - деди ал.
Конференциянын алкагында диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары, татаалдашууларды алдын алуу, мониторинг жүргүзүүнүн жана инсулинотерапиянын жаңы технологиялары талкууланып жатканы белгилүү.