Брюсселде электрондук сооданы өнүктүрүү талкууланды

Коом 273 01 Июль 2026 11:10
735810456_1039135238850354_5888585657417021634_n.jpg
735734826_3072768206253935_7859850160364562673_n.jpg
736199014_1229108859242359_8434857380109088761_n.jpg
732933791_3061738477352976_6620887239839957325_n.jpg
Алдыга
Артка
735810456_1039135238850354_5888585657417021634_n.jpg
735734826_3072768206253935_7859850160364562673_n.jpg
736199014_1229108859242359_8434857380109088761_n.jpg
732933791_3061738477352976_6620887239839957325_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Брюссель шаарында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун кеңешинин сессиясы болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында аталган уюмга мүчө мамлекеттер 2025–2028-жылдарга карата Стратегиялык планды ишке ашыруу, бажы ишин санариптештирүү, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо технологияларын колдонуу, тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү, электрондук сооданы өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык соодага шарт түзүү менен катар эл аралык жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмуна дүйнөнүн 187 бажы администрациясы мүчө болуп саналат.

Кеңештин сессиясына катышуу кыргыз делегациясына бажы тармагындагы алдыңкы эл аралык тажрыйбалар менен таанышууга, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, бажы кызматынын санариптик трансформациясын жана бажы администрлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды тааныштырууга мүмкүнчүлүк түздү.