Британияга Ла-Манш аркылуу келген мигранттардын саны 40 миңден ашты

Дүйнө Загрузка... 22 Декабрь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-12-22 at 10.37.24.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Быйыл жыл башынан бери Ла-Манш кысыгын кайык менен кесип өтүп, Улуу Британияга кирген мигранттардын саны 40 миңден ашты. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып, Риа Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн ишембиде декабрь айы үчүн рекорддук көрсөткүч катталып, бир күндө 800дөн ашуун мигрант Британия жээгине жеткен. Натыйжада бир жыл ичинде Ла-Маншты мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн жалпы саны 41 455 адамга жетти.

Адатта декабрь айы аба ырайынын сууктугу жана деңиздеги татаал шарттардан улам эң тынч мезгил болуп саналат. Бирок 20-декабрда октябрдан берки эң жогорку күндүк көрсөткүч катталды.

Азыркы рекорд 2022-жылы коюлуп, анда бир жыл ичинде 45 755 мигрант Британияга Ла-Манш аркылуу өткөн. Британиянын ИИМи учурдагы абалды “уят көрүнүш” деп атап, өкмөт мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.