Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Британияда “Боэло” бороонунан улам 1,5 миңден ашык авиакаттам кечигип, миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдардын кечигүү убактысы орточо эсеп менен эки саатка жеткен. Аба ырайынын кесепетинен улам Лондон, Манчестер, Эдинбург жана Глазго шаарларындагы аэропорттордо каттамдардын графиги бузулган.
Шотландияда бир нече күндүн ичинде экинчи жолу катталган бороон маалында шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 38 метрге, Англияда 31,1 метрге жеткен.
Шамал электр чубалгыларын үзүп, 82 миңден ашык үй электр жарыгысыз калды. Улуу Британиянын метеорологиялык кызматы өлкөнүн түндүк бөлүгүндө кооптуулуктун сары жана кызгылт сары деңгээлин сактап турат.
Бороондон өлкөнүн түштүк-батыш аймактары, Түштүк Уэльс, Батыш жана Чыгыш Мидлендс өзгөчө жабыркаган.
Англия менен Уэльстин электр тармактарын тейлеген National Grid компаниясы буга чейинки “Остин” бороонунан улам жарыксыз калган 131 миңден ашык үйдүн жана башка объектилердин электр тармактары калыбына келтирилгенин билдирди. Ал бороон жума күнү болгон.
Аба ырайынын начарлашынан улам бир катар сейил бактар жабылып, маданий иш-чаралар токтотулду.
Коңшу Ирландияда жана Түндүк Ирландияда да миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды. Ирландияда жекшемби күнү болжол менен 18 миң үй электр жарыгысыз калган.