Британия Кыргызстанга англис тили китептерин лицензиялоого көмөктөшүүдө

Билим 18 Февраль 2026 13:06
638399058_1357653946408346_3061432343633335164_n.jpg
636164854_1357654916408249_4161410753991226102_n.jpg
637805911_1357654503074957_2320502262080986085_n.jpg
Алдыга
Артка
638399058_1357653946408346_3061432343633335164_n.jpg
636164854_1357654916408249_4161410753991226102_n.jpg
637805911_1357654503074957_2320502262080986085_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министр англис тили боюнча 10-12-класстардын окуу китептеринин лицензиялык укуктарын алууга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Министр ошондой эле англис тили бүгүнкү күндө бизнес жана технологиянын тили болуп эсептелерин, бул тил аркылуу жаш муундун дүйнөлүк жамааттын бир бөлүгү болууга, экономикалык процесстерге жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык жараянына активдүү катышууга мүмкүнчүлүк аларын белгиледи.

Элчи Николас Боулер министрлик менен кызматташууга, анын ичинде 10-12-класстардын окуу китептерин лицензиялоо жаатындагы ишти улантууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар мектепке чейинки билим берүү жаатындагы кызматташуу сунуштарын талкуулашты.