Британия качкындар үчүн миграциялык эрежелерди катаалдатууда

Дүйнө Загрузка... 17 Ноябрь 2025 13:44
WhatsApp Image 2025-11-17 at 09.30.10.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Улуу Британия өкмөтү миграциялык саясатты катаалдатууну көздөп, качкындарга туруктуу жашоо укугун берүү шарттарын өзгөрттү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы эрежеге ылайык, өлкөдө башпаанек издеген адамдар 20 жыл жашагандан кийин гана туруктуу жашоо укугуна арыз бере алышат.

Бул талап мыйзамсыз түрдө өлкөгө келгендерге, мисалы, кемелерде же жүк ташуучу унааларда келгендерге, ошондой эле визасынын мөөнөтү өтүп кеткенден кийин башпаанек сурагандарга тиешелүү болот.

Мындан тышкары,

- Ар бир 30 ай сайын качкын статусу кайра каралып турат;

- Коопсуз деп эсептелген өлкөлөрдөн келгендер мекенине кайтарылат;

- Кылмыш жасагандар жана өзүн камсыздай ала турганы менен көмөк сурагандар социалдык турак жайдан жана жөлөкпулдан ажыратылат;

- Башпаанек издегендерге каржылык жардам көрсөтүү милдети жоюлушу мүмкүн.

Белгиленгендей, бул кадамдын максаты - Британиянын миграциялык системасын натыйжалуураак жана адилеттүүрөөк кылуу. Жаңы эрежелер күчүнө кирсе, Британия Европада жашоого уруксат алуу мөөнөтү эң узак өлкөлөрдүн бирине айланат. Мисалы, Данияда бул мөөнөт 8 жылды түзөт.