Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллардан төмөн түштү

Дүйнө 22 сентябрь 2026 17:00
Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллардан төмөн түштү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. АКШ менен Ирандын ортосундагы чыр-чатакты чечүү боюнча дипломатиялык аракеттердин жаңыланышы күтүлүп жаткандыктан, кечээ, 21-сентябрда Brent мунайынын баасы 9-сентябрдан бери биринчи жолу 100 доллардан төмөн түштү. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайынын баасы бир баррелине 99,97 долларды түздү, бул мурунку баадан 3,9долларга (3,75%) арзан.

Нью-Йорк товардык биржасында (NYMEX) WTI мунайы 4,65 долларга (4,64%) төмөндөп, бир баррелине 95,65 долларды түздү.