Brent мунайы арзандады

Дүйнө 26 август 2026 10:20
Brent мунайы арзандады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Лондондогу ICE биржасында Brent мунайынын баасы 14-августтан бери биринчи жолу баррелине 87 доллардан төмөн түштү, деп билдирди ТАСС.

Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы төмөндөөнү тездетип, баррелине 86,89 долларды түздү (5,73%га төмөндөө).

Ошол эле учурда, WTI чийки мунайынын баасы 4,95%га төмөндөп, баррелине 80,8 долларды түздү.