Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Күн мурун Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Сан-Паулу штатында жеңил машыгуучу учак кулап, эки киши каза болду. Бул тууралуу Синьхуа жазды.
Маалыматка караганда, учак Сан-Хосе-ду-Рио-Прето шаарындагы ээн жерге кулап түшкөн.
“Globo” телеканалы өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматына таянуу менен учакта эки адам болгонун, экөө тең каза болгонун кабарлаган.
Учурда жергиликтүү полиция жана Бразилиянын Аскердик аба күчтөрүнүн кырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борбору кырсыктын себептерин иликтөөдө.