Босния жана Герцеговинадагы карылар үйүндөгү өрттөн 11 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 08:55
0d100cfe-df1d-4953-80e5-8f091381e27b.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Босния жана Герцеговинанын Тузла шаарындагы карылар үйүндөгү өрттөн он бир адам каза болуп, 38 адам жаракат алды. Бул тууралуу Интерфакс жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына таянып жазды.

Анда белгиленгендей, өрт кечинде Тузладагы карылар үйүндө чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Сребреник, Живинице, Лукавац жана Калесия шаарларынан өрт өчүрүүчүлөр да жардамга келишкен.

Ооруканага жаткырылган жаракат алгандардын төртөөсүнүн абалы оор бойдон калууда.

Өрттүн так себеби азырынча белгисиз экени, экспертиза жүргүзүлүп жатканы айтылды.