Босфордун жээгинде россиялык суучулду издөө иштери уланууда

Дүйнө Загрузка... 29 Август 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-08-28 at 11.38.45 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Стамбулдун Бейкоз райондук прокуратурасы россиялык сууда сүзүүчү Николай Свечниковду издөө үчүн полиция кызматкерлеринен турган топ түзүүнү буйруду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, издөө иштеринде жээктеги бардык мамлекеттик мекемелердин, мейманканалардын, кафелердин, ресторандардын, сейил бактардын жана башка объектилердин видеокөзөмөлдөөчү камераларынын жазуулары талап кылынат.

Эске салсак, 29 жаштагы суучул Стамбулда жыл сайын өтүүчү, континенттер аралык "Босфор-2025" спорттук иш-чарасына катышып, бирок марага жетпей дайынсыз жоголгон.

Сууда сүзүү боюнча спорттун чеберлигине талапкер Свечников 23-августта Түркияга келип, эртеси эртең менен Босфор кысыгында башталган 6,5 чакырымдык сүзүүгө катышкан.

Белгиленгендей, сууда сүзүүгө 2 миң 700гө жакын адам катышып, россиялык суучулдан башкасынын баары дистанцияны ийгиликтүү өтүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, спортчунун ден соолугу кескин начарлап, чарчап же тырышып калышы мүмкүн. Кээ бир катышуучулар Николайга окшош киши аркасында сүзүп баратканын, бирок көп өтпөй ал көрүнбөй калганын айтышты.

Суучулдун жоголгону маалым болгондон соң дароо полицияга жана жергиликтүү ооруканаларга маалымат берилген. Учурда издөө-куткаруу иштерине Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы катышууда. Бирок, азырынча спортчунун кайда экени тууралуу расмий маалымат жок.

"Иш-чаранын уюштуруучулары азырынча кырдаал боюнча толук комментарий бере элек, бирок катышуучулардын коопсуздугу ар дайым биринчи орунда экенин баса белгилешет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Босфор аркылуу сүзүү дүйнөдөгү эң кооз жана массалык ачык сүзүүлөрдүн бири болуп саналат, бирок каргашалуу окуя көрсөткөндөй, деңиз тажрыйбалуу спортчулар үчүн да кооптуу элемент бойдон калууда.