Бишкек, 29.12.25 /Кабар/. Борбордук Африка Республикасында күн мурун жалпы шайлоолор өттү. Жарандар өлкөнүн президенти менен бирге парламент, аймактык жана муниципалдык кеңештерди шайлашты. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс билдирет.
Азыркы президент Фостен-Арканж Туадера эң алдыда турат. Ал 2016-жылдан бери эки мөөнөт президент болуп келатат жана үчүнчү мөөнөткө ат салышууда. Анын атаандаштарынын арасында оппозициянын өкүлдөрү - Анисе-Жорж Дологуэле жана Анри-Мари Дондра бар. Дологуэле 1999–2001-жылдары, ал эми Дондра 2021–2022-жылдары премьер-министр болуп иштеген. Туадерага эң чоң атаандаш катары Дологуэле саналат. Ад 2016 жана 2020-жылдары да шайлоого катышкан.
Шайлоого 5,5 миллион калктын болжол менен 2,4 миллиону добуш берүү укугуна ээ.
Өлкөдөгү абалды татаалдаштырып жаткан жагдай - 2013-жылдан бери күчөгөн өкмөттүк күчтөр менен куралдуу топтордун тиреши. Президент Туадера буга чейин берген маегинде:
“Биздин өлкө бийлик алмашуулардан азап тартып келди. Бул процесс дээрлик ар он жылда кайталанууда. Мен өлкөнүн калкын туруктуу мамлекеттик институттарды жана гүлдөгөн өлкө үчүн добуш берүүгө чакырам”,-деген.