Борбор калаада майыптыгы бар жарандарды колдоого арналган концерт өттү

Коом 22 апрель 2025 09:26
1745245232.jpg
1745245229.jpg
1745245225.jpg
1745245220.jpg
1745245212.jpg
1745245208.jpg
1745245203.jpg
1745245198.jpg
1745245187.jpg
1745245183.jpg
1745245179.jpg
1745245176.jpg
Алдыга
Артка
1745245232.jpg
1745245229.jpg
1745245225.jpg
1745245220.jpg
1745245212.jpg
1745245208.jpg
1745245203.jpg
1745245198.jpg
1745245187.jpg
1745245183.jpg
1745245179.jpg
1745245176.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. "Кыргызстандын көзү азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмеси көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында концерт уюштурду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө Бишкек шаарында майыптыгы бар  жарандар үчүн жеткиликтүү чөйрө этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. "Акыркы бир ай ичинде коомдук жайларга заманбап талаптарга жооп берген 6 пандус орнотулду. Ошондой эле чыгармачыл демилгелер да колдоого алынууда", - деди ал.

Мындан тышкары, мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтарга коомдун айланасын көрктөндүрүү иштерине көмөктөшүү тапшырмасын берди.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, концерт катышуучуларга көптөгөн жагымдуу эмоциялар менен эсте кала турган таасирлерди тартуулады.