Борбор Азиядагы кургакчылык: себептери, кесепеттери жана келечеги

Экология Загрузка... 02 Декабрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Борбор Азияда кургакчылык жылдан жылга күчөп, аймактын климаттык, экономикалык жана экологиялык коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралууда. Атап айтканда, температура кескин жогорулап, жаан-чачын азайып, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Эксперттер бул тенденция улана берсе, аймак биргелешкен аракеттерсиз суу кризисине туш болорун эскертишет.

Климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачындын азайышы

Орточо температура акыркы 50 жыл ичинде аймакта дээрлик 1,5-2°C көтөрүлгөн. Бул көрсөткүч орточодон жогору. Мындан улам жай айларында аптап узарып, кыш жылуу өтүп, жаан-чачындын нормадан 20-40% азайганы айтылууда.

Кургакчылыктын эң ири кесепети азыр Ирандын борбору Тегеранга тийип жатат. Өлкө бийлиги туруктуу суу тартыштыгынан улам борборду башка аймакка көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга мажбур болууда. Азырынча алар жыл аяктаганча жаан-чачын болуп, кырдаал бир аз жеңилдеп калат деген үмүттө.

"Жашыл энергетика" коомдук фондунун жетекчиси, "Экологиялык коопсуздук" коомдук уюмунун аткаруучу директору, эколог Анара Султангазиева кургакчылыктын эң башкы себеби – бул климаттын өзгөрүшү деп эсептейт.

Анын айтуусу боюнча климат өзгөргөнгө жараша атмосфералык аба басымынын цикли да өзгөрүүдө.

“Ноябрь айынын башында же ортосунда кар жаачу эле. Азыр декабрь айы болсо да жаан-чачын жаай элек. 2021-жылы Бишкек шаарына 4 эле жолу кар жааган. Бул дагы климаттын өзгөрүп жатканынан кабар берет. Ал эми ысык өлкөлөргө тескерисинче кар жаап, суук түшүп жатат”,-деди эколог.

Кургакчылыктын күчөшү жана табигый кырсыктар

Султангазиева белгилегендей, ошону менен бирге эле табигый кырсыктар байма-бай болуп, алардын көлөмү чоңойуп, экономикалык чыгымдарды арттырууда.

“Аба ырайы көпкө чейин кургак болуп туруп, бир жуманын же бир айдын нормасы бир жаап салууда. 2021-жылы Казакстандын Жамбыл облусунда бир айдын нормасы бир жаап, Кытай өлкөсүндө да катуу жаандан улам бир провинция агып кеткен учур катталган. Канадада кургакчылык болуп бир шаар өрттөнүп кетти. Россиянын токойлору өрттөнүүдө. Ал эми аба кургак болгондо өрт кырсыгы күчөйт”,-деп кошумчалады ал.

Адам фактору: экологиялык баланстын бузулушу

Ошондой эле ал адамдын жашоо-тиричилиги дагы экологиялык баланстын бузулушуна алып келүүдө деп эсептейт.

“Абанын өзгөрүшүнө, климаттын ысышына, глобалдык-экологиялык көйгөйлөрдүн күчөшүнө адамзат өзү түрткү болууда. Өндүрүш, кен байлыктарды казуу, унаалардын көптүгү, абадагы учактар, токойлордун, бак-дарактардын кескин азайышы, жада калса малдын кыгынан дагы көмүр кычкыл газы чыгат экен.

Муздар тез эрип, көлдөр ташып, табигый кырсыктардын күч алышы да ушул себептүү”,-деп белгилейт ал.

Региондогу суу ресурстары: коркунуч жана божомолдор

Эколог ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү абалга төмөндөгүчө токтолду.

“2016-жылы америкалык изилдөөчүлөр 2030-жылга чейин Борбор Азия мамлекеттеринде суу тартыш боло баштайт деген божомолдорго келишкен. Ал эми 2040-жылдары мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, суу кризисинин күчөшү менен алардын арасында жаңжалдар келип чыгышы мүмкүн деген тыянак чыгарышкан. Бул болжолдоолор айтылган убагына чейин эле башталганын сезип жатабыз. Мисалы, былтыр Бишкек шаарында суу, Чүй өрөөнүндө сугат суулар тартыш болду. Жыл өткөн сайын Токтогул суу сактагычынын нормасы толбой калууда. Мөңгүлөргө мониторинг жасаган адистердин айтымында, мурун ал жайкысын 80 см эрисе, учурда 2 м чейин эрип кетүүдө.

Андан сырткары, биздин негизги бассейндерден аккан суулар, транс чек аралык суулар агып келе жатканда 30-40%га чейин жоготуулар болот экен”,-деди эколог.

Сууну үнөмдүү пайдаланууга сунушталган ыкмалар:

  • Жоготууларды азайтуу;
  • Үнөмдөп колдонуу;
  • Тамчылатып сугаруу;
  • Жамгырдын суусун чогултуу;
  • Суу сактагычтарды салуу;
  • Транс чек аралардан келүүчү сууларды тосуу;
  • Жасалма мөңгүлөрдү жасоо.

Кургакчылыктын алдын алуу боюнча сунуштар

Ушуга байланыштуу жакынкы күндөрү биз окумуштууларды, тармактык эксперттерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволорду чакырып атайын конференция өткөрүүнү пландап жатабыз. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнөн өкүлдөр келиши күтүлүүдө. Коңшу өлкөлөрдүн элчиликтерине да чакыруу жөнөттүк.

Анда климаттын өзгөрүшүнүн аймакка тийгизген таасирлери, кургакчылык, суу тартыштыгынын алдын алуу чаралары жана сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери кеңири талкууланат. Суу ресурстары боюнча маселелерди региондук деңгээлде биргелешип талкуулап, чечүү маанилүү. Мен жалпы чөлкөм үчүн ири суу сактагычтарды куруу - аймактык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү жолдорунун бири деп эсептейм.

Аба ырайын өзгөртүү биздин колубуздан келбейт, бирок биз жашоо-шартыбызды ошол өзгөрүүлөргө ылайыктап, адаптацияланып жашоого тийишпиз. Кургакчылык жана суу тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү бир өлкө жалгыз чече албайт - бул багытта күчтү бириктирип, чогуу-чаран аракет көрүү эң туура чечим,”-деп кошумчалады ал.