Борбор Азияда тынчтык жана өнүгүүгө багытталган жаңы доор башталды

Аналитика Загрузка... 01 Апрель 2025 18:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Худжанд шаарында Борбор Азия өлкөлөрү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери – Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон жолугушуп, тарыхый мааниге ээ болгон келишимдерге кол коюшту. Бул жолугушуу аймактагы тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам катары тарыхта калары шексиз.

photo_5429449561568571658_y_1__kopiya.width-800.jpg

Үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекит тууралуу келишимдин жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясынын кабыл алынышы – Борбор Азияда мындан ары чек арага байланыштуу талаш-тартыштар болбойт, чыр-чатактардын ордуна тынчтык жана кызматташтык өкүм сүрөт деген ишенимди жаратат.

Бүгүнкү дүйнөлүк кырдаалды эске алганда мындан ары Орто Азия мамлекеттери туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн гана аракет көрөт. Бул аймак тынчтык жана өнүгүү үстөмдүк кылган аймакка айланат. Борбор Азия республикаларынын мындай биригүүгө умтулуусу дүйнө өлкөлөрүнө үлгү болуп калат.

photo_5429449561568571659_y_1__kopiya.width-800.jpg

Нооруз – жаңы доордун символу

Худжанд шаарынын борбордук стадионунда үч президенттин катышуусунда эл аралык Нооруз майрамы белгиленди. Бул майрам – жаңылануунун, тынчтыктын жана достуктун символу. Коңшу мамлекеттердин мамилелеринде жаңы жана жаркын өзгөрүүлөр башталганын айгинелеген бул иш-чара тарыхый мааниге ээ.

Ошондой эле үч өлкөнүн лидерлери мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылышына катышты. Бул стела элдердин достугун жана келечектеги тыгыз кызматташтыкты чагылдырып, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет.

photo_5429449561568571664_y_1__kopiya.width-800.jpg

Президент Садыр Жапаров коңшу элдер бейпил турмушта, ынтымакта жашап, келечекке ишенимдүү пландарды түзө алышарын белгиледи. "Бул контекстте жаңыланууну, тынчтыкты жана биримдикти символдоштурган Ноорузду чогуу майрамдоо өзгөчө мааниге ээ", - деген Жапаров үч дарак жанаша өсүп, тамыры менен бир жерди көгөртүп, бекемдейт деген накыл кепти мисал келтирди.

Анын айтымында, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан – үч дарак сыяктуу, алардын күчү биримдикте, бутактары келечекке карай багыт алып, тамыры достукту жана тилектештикти бекемдейт.

photo_5427197761754888462_y__kopiya.width-800.jpg

Саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов Борбор Азиядагы туруктуулуктун маанисин баса белгилеп, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бул аймактагы туруктуулук башка региондордун тынчтыгына түздөн-түз таасир этет. Себеби, туруктуулук орногон жерде өнүгүү болот, ал эми өнүгүү инвесторлорду тартат", - деди ал.

Анын айтымында, Фергана өрөөнүнүн тынчтыгы бүтүндөй Борбор Азиянын, ал тургай Евразиянын туруктуулугу үчүн маанилүү. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Кытай жана Россия сыяктуу ири державалардын ортосунда жайгашкандыктан бул аймакта тынчтыкты сактоо өтө маанилүү.

photo_5427197761754888457_y__kopiya.width-800.jpg

Борбор Азияда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда

Акыркы мезгилде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын ортосунда ишенимдүү жана конструктивдүү мамилелер калыптанууда.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, лидерлердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү орун алууда. Расмий жана бейрасмий байланыштар түзүлүп, мамлекет башчыларынын ортосундагы жеке мамилелер дагы бекемделүүдө. Бул аймактын өнүгүшү үчүн жакшы белги. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхында, тилинде, дининде жана каада-салттарында принципиалдуу карама-каршылыктар жок, демек, биргелешип өнүгүүгө мүмкүнчүлүк чоң.

Саясат таануучу Марс Сариев “Кабар” агенттигине берген маегинде чек ара маселелеринин чечилиши Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара мамилелерин чыңдай турганын белгилеп, аймактагы туруктуулук тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүн азайтарын айтты.

“Эми Борбор Азия өлкөлөрү коопсуздук маселелеринде биргелешип иш алып барууну арттырып, баңги аткезчилигине, терроризмге жана башка коркунучтарга каршы турууга натыйжалуу механизмдерди иштеп чыга алышат” – деди ал.

photo_5427197761754888460_y__kopiya.width-800.jpg

Борбор Азиянын экономикалык келечеги

Туруктуулук Борбор Азияда экономикалык өнүгүүгө негиз түзөт. Региондо жаңы транспорттук жана логистикалык коридорлор түзүлүп, унаа жана темир жолдор, кургак порттор жана энергетикалык инфраструктуралар курулат.

"Бул ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аймакта коопсуздук жана туруктуулук болушу шарт. Ушул жол менен Борбор Азия гүлдөп-өсүүгө багыт алат", – деп жыйынтыктады Марс Сариев.

Жыйынтык

Худжанд шаарында өткөн үч мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу Евразия чөлкөмүндөгү маанилүү окуялардын бири болду. Бул жолугушуу Борбор Азияда коңшу мамлекеттердин тынчтыкта, ынтымакта жашоого жана өнүгүүгө багыт алган жаңы доорунун башталышы экени айтылууда.