Тажикстандын борбору Душанбе шаарында «Борбор Азия — Россия» саммити өттү. Жолугушууга Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышты.
«Борбор Азия — Россия» саммити экинчи жолу өткөрүлүп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Геосаясий кырдаал өзгөрүп жаткан шартта мындай жолугушуулар региондук коопсуздукту бекемдөөгө, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эл аралык маселелер боюнча координациялоого өзгөчө мааниге ээ болууда.
Бүгүнкү күндө Борбор Азияга Москва жана Пекин гана эмес, АКШ менен Европа да кызыгуусун көрсөтүүдө. Быйыл апрелде Самаркандда Борбордук Азия — ЕБ саммити, июнь айында Астанада Борбордук Азия — Кытай саммити өткөн. Ал эми 2023-жылы Нью-Йоркто КМШнын азиялык бөлүгүнүн лидерлери Жо Байден менен жолугушкан.

Бирок эксперттердин пикиринде, Борбор Азияга Россиянын жакындыгы өзүнчө байкалып турат. Мисалы, экономикалык жана финансылык байланыштар тыгыз. Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн технологиялык өнүгүүсүнө катышып, алардын аймагында ишканаларды түзүүдө. Андан тышкары, Россия аталган республикалар менен маданий-агартуу жаатында кеңири байланышта жана калк арасында орус тили кеңири жайылган. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Россия жеңил өнөр жай продукциясын жана товарларын сатуу рыногу катары маанилүү, ошондой эле көптөгөн тажик, өзбек жана кыргыз жарандары Россияда иштейт.

Саммитте Садыр Жапаров лидерлерди логистика жана энергетика тармактарына көңүл бурууга чакырды. Өнүгүп жаткан регионага туруктуу, өткөрүмдүүлүгү жогору транспорттук байланыш жана өнөр жай секторун колдоо үчүн кошумча кубаттуулуктар талап кылынат деп билдирди мамлекет башчысы.
«Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгү болуп калууда. Региондун транспорттук потенциалын ишке ашырып, Россия менен Кытай, Иран жана башка өлкөлөрдөн турган транспорттук байланыштарды камсыздоого багытталган долбоорлорду өнүктүрүүнү күчтөндүрүшүбүз керек», — деди президент.
Мындан улам, өлкөлөр ортосундагы соода, жүк ташуу жана, эң башкысы, эмгектеген жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу зарыл.
Энергетика жаатында Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика секторун санариптештирүү, генерацияны өркүндөтүү жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюу боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын айтты. Көлөмдүү жана орто ГЭСтер, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу долбоорлору этап-этабы менен ишке ашырылууда. «Биз алдыңкы технологияларды алып, гидроэнергетикалык комплекс боюнча өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди президент.

Владимир Путиндин айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү доллар эквивалентинде 45 миллиарддан ашкан. 2025-жылдын январь-июль айларында ал дагы 4%га өскөн. Ошол эле учурда өз ара сооданы мындан ары дагы көбөйтүү үчүн олуттуу потенциал сакталып турат. Регион өлкөлөрүнө инвестициялар 20 миллиард долларга жетти, ал эми россиялык капиталдын катышуусундагы ишканалардын саны 25 миңге жакын. Индустриалдык парктар, соода үйлөрү, дүң-бөлүштүрүү борборлору түзүлүп, автомобиль куруу, айыл чарба техникасын, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жана башка тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Путин ошондой эле өсүп жаткан жүк агымын жана транзитти ыкчам жеткирүүнү камсыздай турган логистикалык системаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз сиздер менен бирге жаңы логистикалык жана транспорттук чынжырларды курууга даярбыз. Биздин мамлекеттердин аймагынан өтүүчү “Түндүк – Түштүк” жана “Чыгыш – Батыш” магистралдык маршруттарын жакшыртуу, жаңы трансконтиненталдык коридорлорду түзүү негизги милдет болуп саналат. Бул долбоорлорду электрондук сервистер менен бириктирип, транспорттук ташуулардын көлөмүн бир нече эсеге көбөйтө алабыз», — деди Путин.
Энергетика тармагында россиялык компаниялар аймактык гидроэнергетикалык комплекстерди модернизациялоого, кайра жабдыктарды орнотууга катышууга даяр экендиктерин билдирди.
«Биздин өлкөнүн катышуусу менен Борбор Азиядагы ири гидротүйүндөр модернизацияланып жатат, көпчүлүгү совет доорунда курулган. Россиялык компаниялар жаңы ГЭСтерди курууга жана суу-энергетикалык инфратүзүмдөрдүн коопсуз иштешин камсыздоого багытталган долбоорлорго кошулуу ниетинде», — деди Путин.
Касым-Жомарт Токаев “Борбор Азия + Россия” форматы аймактын ири державалар менен өз ара аракеттенүүсүнө абдан ыңгайлуу формат болуп баратканын белгиледи. Ал глобалдык процесстер өлкөлөрдү атаандаштыктан алыстатып, жакын өнөктөштөргө жана союздаштарга айландырып жатканын белгиледи.

«Геосаясий дүрбөлөңдөргө жана экономикалык туруксуздукка карабастан, Россия Казакстандын стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала бермекчи. Борбор Азиядагы өзгөрүүлөр саясий тилектештикке, экономикалык кызматташтыкка, маданий жана руханий биримдикке багыт алууда. Бул оң тенденция Россияны аймакта келечектүү жана салмактуу өнөктөш катары белгилейт», — деди Токаев.
Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө: «Россия биз үчүн негизги, артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөш болуп келет», — деп белгиледи. Ал кызматташтыктын негизин тарыхый байланыштар, элдердин маданий жакындыгы жана ишенимдүү мамилелер түзөрүн кошумчалады.

Өлкө башчылар жолугушууда жалпы максат — соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, инвестицияларды жогорулатуу, гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана аймактык коопсуздукту камсыздоо экенин белгилешти.
Тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев «Кабар» агенттигине билдиргендей, Душанбеде өтүлгөн саммит геосаясий оюндардан жана санкциялардан алыстап, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнүн жалпы мейкиндигин түзүү боюнча принциптерди алдыңкы орунга койду.

«Президент Жапаров өлкөнүн приоритеттерин так көрсөттү — Россия негизги соода-экономикалык өнөктөш катары каралат. Борбор Азия мамлекеттери менен биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү келечекке чоң үмүт берет.
Стратегиялык долбоорлор континент аралык транспорттук жана энергетикалык жолдорду калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу, ошондой эле Россия, Кытай жана Иран менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу региондук интеграцияны тереңдетишет», — деп жыйынтыктады Усубалиев.
Эксперттер белгилешкендей, кызматташтык форматтары алгач ишеним жана өз ара сый-урмат принцибинде курулса гана натыйжалуу болот. Аймактык логистиканы өнүктүрүү эгерде бириккен долбоорлор аркылуу ишке ашса, Евразия мейкиндигинде сооданын көлөмү бир нече эсеге өсе алат.