Сясат таануучулар жакында Астанада өтө турган Борбор Азия - Кытай II саммити аймактык саясат жана экономика үчүн негизги окуя болоорун белгилейт. Албетте, форумда эки жыл мурун Сиань шаарында өткөн I саммиттин демилгеси менен башталган диалогду улантат. Бирок, бул жолку саммит Кытай менен Борбор Азиянын беш өлкөсү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүп, кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө.
Саммиттин мааниси расмий жолугушуулардан жана кол коюлган келишимдерден алда канча жогору турат. Бул Кытай үчүн да, Борбор Азия үчүн да "Бир алкак, бир жол" стратегиялык долбоорунун алкагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди куруунун маанилүү символу. Геосаясий туруксуздуктун жана глобалдык мамилелерди кайра карап чыгуунун контекстинде диалогдун бул форматы көп тараптуу кызматташуунун альтернативдүү моделин сунуштоо менен өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

АКШ, Япония, Индия жана башка өлкөлөр менен “БА5+” форматынын бир маанилүү өзгөчөлүгү бар. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин кызматташуу боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү жок болгондугунан, жолугушуулар ар дайым боло бербейт. Бул мамлекеттердин башчылары, ошондой эле алардын министрлери иш жүзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнө келишпейт жана Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырышпайт. Натыйжада кызматташуу жемишсиз болуп келет.
Ал эми саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Борбор Азия – Кытай форматы – кызматташуунун мазмуну кыйла башка тепкичте турарын белгилейт.
“Борбор Азия - Кытай саммити Борбор Азиянын жана Кытайдын лидерлери биргеликте жакшы келечекти камсыз кылуу боюнча жаңы аймактык консенсус түзүү үчүн жогорку деңгээлдеги жолугушуу болооруна багытталган иш-чара. Белгилей кетсек, географиялык көз караштан алганда Кытайдын Шинжаң жана Ички Монголия сыяктуу аймактары Борбор Азиянын географиялык аймагына кирет. Ошондуктан саммиттин аталышы башка өлкөлөрдөгүдөй плюс белгисин эмес, дефис белгисин колдонот. Кытай биздин аймактын эң чоң коңшусу жана Борбор Азия өлкөлөрү менен үч миң километрден ашык жалпы чек арага ээ.
"Натыйжалуу аймактык кызматташтык геосаясий жана геоэкономикалык туруксуздук, өйдө-ылдый кырдаалда биздин өлкөлөрүбүздүн ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Буга ишеним жана заманбап саясий жана экономикалык реалдуулукту чагылдырган жаңы структураларды колдонуу менен гана жетишүүгө болорун көрсөтүп турат.
Борбор Азия - Кытай механизми ишенимди чыңдоого мүмкүнчүлүк берип, аймактык кызматташтык макулдашылган максаттарга натыйжалуу жетишүүгө, пайда болгон коркунучтарды жеңүүгө жана ачылган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга болорун айкын көрсөтүп турат",- дейт Шерадил Бактыгулов.

Эксперт ошондой эле I Борбор Азия-Кытай саммитинин жыйынтыгында кызматташуу боюнча 54 макулдашуу жана 9 көп тараптуу келишимдерге кол коюлганын, кызматташуунун 19 механизми жана платформасы түзүлгөнүн эске салат. Бул өз ара аракеттенүү механизми ишенимди чыңдоого, аймактык кызматташтык максаттарга натыйжалуу жетүүгө, пайда болгон коркунучтарды жеңүүгө жана жаңы ачылган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берерин ачык көрсөтүп турат.
Саясий изилдөөлөр институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев Евразияда коңшулар жана ишенимдүү тарыхый өнөктөштөр менен кызматташуунун жана өнүгүүнүн чоң мейкиндигин түзүү процесси дүйнөлүк коогалаңдан улам түзүлгөн белгисиз кырдаалдан чыгуунун логикалык жолу экенин белгиледи.
"Биз реалдуулук абалга таянып учурда Борбор Азия Россия менен Кытайдын ортосундагы аймактык жана глобалдык кызматташтыкты чыңдоо жана алардын ар тараптуу өнөктөштүк, стратегиялык өз ара мамилелеринин алкагында өнүгүп жатканын так түшүнүшүбүз керек.
Бул өз ара аракеттенүү өзгөчө эки негизги долбоор - ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык биримдик жана евразиялык мейкиндикте ишке ашырылып жаткан "Бир алкак, бир жол" демилгеси менен бекемделет. Бул демилгелер азыр Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн алкагындагы жалпы максаттарга баш ийип, өз ара аракеттенүүнүн абдан натыйжалуу мисалы болуп саналат.
КЭРдин "Борбор Азия - Кытай" демилгесин жогоруда саналып өткөн кызматташтыктын учурдагы башка формаларынан бөлүп кароого болбойт, ошондой эле ШКУнун алкагындагы диалогду эске алуу керек. Бирок, дал ушул "БА5+" форматы Кытайга Борбор Азиянын бардык беш өлкөсү менен институттук деңгээлде диалогду өнүктүрүүгө, анын ичинде "Бир алкак,бир жол" демилгеси боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле региондогу өлкөлөрү менен консультациялардын туруктуу формаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан, албетте, өз ара аракеттенүүнүн бул формаларынын активдүү катышуучусу гана эмес, азыр Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруунун аркасында Кытайдын региондогу узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бирине айланууда. Ошол эле учурда бул форматтын көп тараптуу мүнөзүн эске алганда, Кыргызстан буга катышууга жана саясатты координациялоого мүмкүнчүлүк берет. "БА +Кытай" Бишкек тарабынан келечекте тышкы саясаттын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири катары кабыл алынаары айдан ачык", - дейт Эсен Усубалиев.
Эксперттер белгилегендей, Евразия мейкиндигинин жаңылануусу Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өлкөдө трансконтиненталдык темир жолдун курулушу башталып, транспорттук коридорлордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө, кургак порттор жана ири логистикалык борборлор курулуп, жүздөгөн фабрикалар жана заводдор ачылууда. Ушундай эле ири өзгөрүүлөр коңшу өлкөлөрдө да болуп жатат. Азыр бүткүл аймактын технологиялык жана өнөр жайлык өнүгүүнүн жаңы дүйнөлүк деңгээлине өтүшүнө негиз түптөлүп жатат. Андыктан, алдыда Астанада боло турган "Борбор Азия- Кытай" саммити саясат таануучулардын баамында, маанилүү чечимдер кабыл алынган лидерлердин жолугушуусу болмокчу.