"Борбор Азия — Кытай" саммити. Евразиянын геосаясий абалын өзгөрткөн маанилүү чечимдер

Аналитика Загрузка... 18 Июнь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Быйыл эл аралык тартип ыкчам өзгөрүп, дүйнөдө мурда калыптанган экономика жана соодадагы карым-катнаш мамилелер олуттуу бурулуштарга дуушар болууда. Ушундай дүйнөлүк кырдаалда Казакстандын борбору Астанада ачылган Кытай жана Борбор Азия лидерлеринин саммити аймактагы позицияларды жөнгө салуу үчүн маанилүү аянтчага айланды.

Албетте, саммиттин башкы вектору – бул стратегиялык кызматташтык. “Жашыл экономика”, кайра иштетүү өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлор, транспорт жана логистика маселелери, аймактар аралык хабдарды түзүү маселери талкууланды. Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери жана жаңы типтеги коркунучтарга – терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы туруу маселелерге өзгөчө көнүл бурулду.

Ал эми учурдагы дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу Астанадагы саммитке дүйнө жүзү кунт көңүл буруп жатат. Эксперттердин баамында бүгүн Борбордук Азия көптөгөн оюнчулардын кызыкчылыктарына айланып, стратегиялык мааниге ээ болгон. Кечээ эле бул аймакка мындай кызыгуулар жок эле. Себеби, региондо чек ара маселелери чечилбей, Борбор Азияда "өрт" чыгып кетиши мүмкүн деген божомолдор бар болчу. Бүгүн бул аймакта тынчтык өкүм сүрүүдө. Чынында бул региондо тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен УКМКанын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эмгектери зор. Кыска мөнөттүн ичинде талыкпас сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп Өзбекстан менен Тажикстан өлкөлөрү менен түбөлүктүү достук келишими түзүлгөн. Кыргызстандын жетекчилеринин чек ара маселесин чечүүдөгү саясий эрктерине дүйнөлүк коомчулук жогорку баа бергенине күбөбүз.

Ошондуктан, Борбор Азия бүгүн ар кандай геосаясий оюнчулардын көңүл чордонунда. Казакстандын саясат таануучусу Досым Сатпаев “Азия” телеканалына берген маегинде Борбор Азияны “көп жигиттер колун сураган кыз” менен салыштырды. Саясат таануучу аймакты образдуу салыштырганында чындык бар. Бүгүн Борбор Азияга Америка, Европа, Туркия, акыркы мезгилде Индия дагы кызыкдар.

Бирок, географияны жана Кытай Эл Республикасынын аймактагы инвестициялык активдүүлүгүн эске алганда, Борбор Азия өлкөлөрү зарыл тандоо болгон учурда Кытайды тандашат. Бирок баары өзгөрүшү мүмкүн, анткени азыр доор алмашуу мезгили. Себеби, кырдаалды кескин өзгөрткөн күтүүсүз жана кокустук окуялар болуп кетиши мүмкүн дешет эксперттер.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Кытайдын лидеринин Экинчи саммити баштала электе эле эксперттер тарабынан жылдын эң маанилүү саясий окуясы деп аталып, ал аймактык өнүгүүгө таасирин тийгизип, Евразия мейкиндигиндеги оң өзгөрүүлөргө өбөлгө түзөөрүн белгилешкен. Быйыл Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттеринин КЭРдин төрагасы менен жолугушуусу эки жыл мурда мамлекет башчылары Сиань шаарындагы биринчи жолугушууда иштеп чыккан демилгелердин концептуалдык түзүлүшүнүн бир түрү болуп калды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитте сүйлөгөн сөзүндө - Борбор Азия менен Кытайды тарыхый, соода жана маданий байланыштар байланыштырып турарын, алар кылымдарга чейинки тамыры менен байланышып келерин, биргелешкен аракеттер менен достук жана ынак коңшулукту чыңдоо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча чоң жолду басып өткөнүн баса белгиледи.

“Бүгүнкү жолугушуубуздун форматын биринчи кезекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө байланыштарыбызды бекемдөөгө жаңы дем берүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз”, - деп канааттануу менен баса белгиледи.

Мамлекет башчысы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учурдагы эл аралык кырдаалда өзгөчө мааниге ээ болгон, руханий жана саясий контекстте да актуалдуу болгон сөздөрүн мисал келтирди: “Тынчтык коңшуң менен кандай жашаганыңдан башталат. Жүрөгүңдө сый-урмат болсо, чек ара жок болот. Бөтөн кайгы, бөтөн кырсык болбойт. Биз кокусунан эмес, тарыхый жана руханий зарылчылыктан жанаша жашап жатабыз”,-деген.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин программалык билдирүүсүндө, эки жылдын ичинде Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү кеңейип жана тереңдеп, "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында олуттуу ийгиликтерге жетишилгени, аймактагы өз ара аракеттенүүнүн товар жүгүртүүсү 35%га көбөйгөнү, өнөр жай жана инвестиция, жашыл кен казуу жана илимий-технологиялык инновациялар жаатында кызматташуу күч алууда деп белгиленген.

Саммитти кабыл алуучу тарап, төрага катары Казакстандын президенти белгилегендей, Борбор Азия Азия менен Европанын ири аймактарын байланыштырган негизги логистикалык хабга айланууда. 2024-жылы Кытайдан БА өлкөлөрү аркылуу жүк ташуунун жалпы көлөмү 211 миң контейнерден ашып, 12%га көбөйдү.

"80 миллион калкы жана жаратылыш ресурстарына бай ири рыногу бар биздин аймак эл аралык мамилелердин, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыктын маанилүү субъекти катары өз позициясын ырааттуу түрдө бекемдөөдө. Бул позитивдүү процессте Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу кызматташуу негизги ролду ойнойт. Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер түбөлүк, "ар дайым жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлге" жеткенин кубаныч менен белгилегим келет", - деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Астанада кол коюлган эң маанилүү көп тараптуу документ болуп Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түбөлүк коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишим саналат. Буга байланыштуу Си Цзиньпин санап өткөн жана түпкүлүктүү ар тараптуу өнөктөштүктүн негизине киргизилген төрт "маанилүү" нерсени белгилеп кетүү зарыл.

«Өз ара урматтоо жана теңдик принциптерин кармануу маанилүү. Бардык мамлекеттер көлөмүнө карабастан тең укуктуу, маселелер консультация жолу менен чечилип, консенсус негизинде чечим кабыл алынышы керек.

Өз ара ишенимди бекемдөө жана биргелешип аракеттенүү, бири-бирибизди көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана улуттук кадыр-баркты коргоодо бекем колдоо, бири-бирибиздин негизги кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерден алыс болуу маанилүү.

Өз ара пайда жана биргелешкен өнүгүү багытын кармануу, бири-бирибизди артыкчылыктуу өнөктөш катары кароо жана бири-бирибизгө өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү, жалпы пайдага жана биргелешкен гүлдөп өнүгүүгө жетүү максатында бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү.

Өз алдынча өнүгүүбүздү алдыга жылдыруу менен бирге аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн ар кандай тобокелдиктерди жана чакырыктарды жеңүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү", - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

"Борбордук Азия – Кытай" саммитинде кабыл алынган келишимдердин көбү соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө жана сооданын эркин режимдери үчүн шарттарды түзүүгө, технологиялык өнөр жайдын өнүгүшүн тездетүүгө багытталган. Мындан тышкары, Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда "Бир алкак, бир жол" демилгесин жогорку сапатта ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы жактырылды.

Мамлекет башчыларынын Кызматташтык борборлорунун ишке киришине катышканы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алардын ишмердүүлүгү адистерди даярдоого, алдыңкы технологиялар менен алмашууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин ар кандай тармактардагы дараметин жогорулатууга багытталган.

Борборлор төмөнкү багыттар боюнча иштейт:

  • Жакырчылык менен күрөшүү - ишмердүүлүк кадрларды даярдоого, жакырчылыкты жоюу жаатында тажрыйба жана технологиялар менен алмашууга багытталат;
  • Билим берүү - санариптик окутуу, тилдерди окутуу, илимий-педагогикалык изилдөөлөр жаатында адистерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү болжолдонууда;
  • Чөлдүктү жоюу - борбор тажрыйба алмашууга, чөлдүктү жоюу боюнча технологияларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө күч-аракет жумшайт.
Ошондой эле саммиттин жүрүшүндө Кытай бул жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө элдин жыргалчылыгын жогорулатуу жана өз өнүгүүсүнө көмөктөшүү боюнча беш өлкөнүн маанилүү долбоорлорун колдоо үчүн 1,5 миллиард юань өлчөмүндө бекер грант берүүгө даяр экени белгилүү болду.

Мындан тышкары, Астана саясий форумунун алкагында бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашып, келечекти талкуулап, ар тараптуу жана кеңири стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Кытайдын башчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өз потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бардык аракеттери менен умтулууларын жогору баалап, колдоп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Кытай Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу айтып, биздин өлкө Кытай менен өз ара ишенимге, урмат-сыйга негизделген мамилелерге өзгөчө маани берерин жана эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган аракеттерди күчөтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана жакшы коңшулукка негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн баалайбыз", - деди Кыргызстандын президенти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр маанилүү документтерди кабыл алуу менен аяктады. Алар суу чарбасы жана агрардык сектор, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү, маалыматтык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү бекемдөө сыяктуу тармактарга тиешелүү.

Бул контекстте биз үчүн Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Кытай медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумду өзгөчө белгилеп кетүү маанилүү.