Бүгүн деңизге чыга албаганына карабастан, Борбор Азия өзүнүн континенттин борборундагы географиялык жайгашуусунун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында Евразиянын негизги транзиттик хабына айланып баратканын далилдеди. Аймак аркылуу транзиттик жүк ташуулардын көлөмү 2020–2024-жылдары 70%га өстү. Бул бир жолку секирик эмес, туруктуу өсүү тенденциясы. Транзиттик агымдардын 80%ы Казакстан жана Өзбекстан аркылуу өтөт, ал эми транзиттик жүктөрдүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 60%ы темир жол транспорту аркылуу ташылат. Бардык транзиттин 70%дан ашыгы Кытай, Россия, Түркия жана Афганистан менен Европанын өлкөлөрүн байланыштырат.
Транзиттик ташууларды активдештирүү жолдун башталышы гана. Евразиялык транспорттук алкакты (ЕТА) өнүктүрүү транзиттик ташуулардын өсүшүнүн жана Евразиянын транспорттук чордонун түзүүнүн негизги кыймылдаткычы. Евразиялык транспорттук алкак — Евразия өлкөлөрүнүн ички жана трансконтиненталдык байланышын камсыз кылган эл аралык транспорттук коридорлордун жана маршруттардын системасы.

Анын өзөгүн «Түндүк — Түштүк» жана «Чыгыш — Батыш» эл аралык транспорттук коридорлору түзөт. Бул коридорлор Азияны, Европаны жана Жакынкы Чыгышты байланыштырып, деңизге чыга албаган өлкөлөргө дүйнөлүк рынокторго жетүүгө мүмкүндүк берет.
2024-жылы ЕАӨБнын “Евразиялык транспорттук каркас” аттуу доклады жарыялангандан кийин Евразиялык транспорттук каркастын Обсерваториясы түзүлгөн. Ал ЕАӨБ тарабынан Евразия аймагындагы 13 өлкөнүн (Азербайжан, Армения, Афганистан, Беларусь, Грузия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) транспорттук долбоорлорун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн маалыматтык база жана интерактивдүү карта.
2025-жылдын 1-июлуна карата Обсерваторияда ар кандай этаптагы 325 долбоор катталган. Бул долбоорлорго жалпы инвестициянын көлөмү 234 млрд АКШ долларын түзөт.
Борбор Азия өлкөлөрүнө ЕТАны өнүктүрүүгө багытталган инвестициялардын 22%тен ашыгы туура келет, жалпы суммасы 53 млрд долларга жакын 90 долбоор ишке ашырылып же пландаштырылууда. Бул каражаттын 44%ке жакыны Казакстандагы долбоорлорго туура келет. Аймактагы инвестициялардын үчтөн экиси магистралдык автожолдорду өнүктүрүүгө багытталган.

ЕТАга тартылган жалпы инвестициянын 58%ы эң ири 10 долбоорго туура келет. Жалпысынан 325 долбоордун 113үндө жеке бизнес катышкан, алардын дээрлик жарымы логистика жана кампалар чөйрөсүндө. Ошондой эле 17 долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) принцибинде ишке ашырылып же ишке ашырылышы күтүлүүдө, анын ичинде 2 долбоор трансчек аралык МЖӨ форматында: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана Трансафган темир жолу.
ЕТАнын алдыңкы долбоорлорунун катарына Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Манас темир жолун куруу да кирет. Евразия аймагындагы инвестициялардын бөлүштүрүлүшүндө Кыргызстанга 12% үлүш тиешелүү.

«Макмал жүктөө станциясы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун негизги элементи болуп калат», — деп билдирген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекинде өткөн 12-Дүйнөлүк жогорку ылдамдыктагы темир жолдор конгрессинде.
«Кыргызстандын аймагындагы негизги объект “Макмал” жүктөө станциясы. Ал Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы жүктөрдүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз транзитин камсыз кылат. Логистикалык борборлор, кампалар, бажы жана мультимодалдык кызмат көрсөтүү инфраструктурасы курулат», — деди Төрөбаев.
КУУнун ШКУ илимий-изилдөө борборунун башчысы Улугбек Эрешеевдин айтымында, бул маршрут Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эң кыска темир жол каттамын түзөт.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Борбор Азиядагы логистикалык жана экономикалык абалды олуттуу өзгөртөт. Бул “Бир алкак — бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү болуп, аймактын экономикасын дүйнөлүк жеткирүү системасына интеграциялайт. Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкөдөн маанилүү транспорттук түйүнгө айланат, Өзбекстан деңиз портторуна тез жетет, ал эми жалпы аймактын соодасы жана инфраструктурасы жаңы деңгээлге чыгат,” — деди ал.
ЕАӨБнын Транспорттук долбоорлор обсерваториясынын маалыматы боюнча, 2035-жылга чейин Борбор Азиядагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө 52 млрд доллардан ашык инвестиция салынат.

«Акыркы беш жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытай менен тышкы соодасы эки эсеге өстү, ошол эле учурда транзиттик агымдар 70%га жогорулады. Бирок бул жолдун башталышы гана. Деңизге чыга албаган Борбор Азияга сапаттуу инфраструктура керек. Биздин эсеп боюнча, 2035-жылга чейин бул багыттагы муктаждык 53 млрд долларды түзөт. Анын бир бөлүгүн “Түндүк – Түштүк” жана Трансафган коридорлорун өнүктүрүүгө багыттоо зарыл», — деди ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары, башкы экономист Евгений Винокуров.
Евразиялык транспорттук каркастын иштеши “жумшак инфраструктурасыз” мүмкүн эмес. Борбор Азияда чек арадан өтүү процедураларын жөнөкөйлөтүү транзиттик агымдарды тездетип, тарифтик саясатты координациялоо контейнердик ташуулардын наркын төмөндөтүүгө шарт түзөт.