Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. 6-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.
Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.
Ишкана жарандарды сапарга чыгарда алдын ала пландоону суранат.