Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. 13-апрелден 17-апрелге чейин (аба ырайын эске алганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул убакта жол жарым-жартылай жабылат.
Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат.
"Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат", - деп белгилешти ишканадан.