Болот Чолпонбаев курулуш министринин биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 19 Май 2026 18:20
1.jpg
700723473_1490248719240839_586333567669484844_n.jpg
700740474_1490248689240842_708377217120175071_n.jpg
701003627_1490248802574164_5375634084615304476_n.jpg
703572476_1490248845907493_55683394428111788_n.jpg
703954823_1490248765907501_6005891983763044559_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Болот Чолпонбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн министр Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Министр ошондой эле курулуш тармагындагы реформаларды натыйжалуу ишке ашыруу, инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында бүтүрүү жана тармактын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу багытында биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга чейин Чолпонбаев министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Курулуш тармагындагы эмгек жолу 2013-жылы инженер адисинен башталган.

Ал эми министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Жантелиев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.