Болочок мугалимдер 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүүдө - Мамбетакунов

Билим Загрузка... 07 Март 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-03-07 at 11.40.34.jpeg
copyright icon Кабар Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Болочок мугалимдер 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүүдө. Бул тууралуу Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайдын педагогика факултетин быйыл 500гө жакын студент аяктайт. Студенттер 2022-жылдан тарта 12 жылдык билим берүү программасы боюнча билим алып, практика жүзүндө ийгиликтүү колдоно башташты. Жаңы окуу жылынын башталышында алар мектеп босогон жаңыдан аттаган окуучуларга билим беришет.

“Студенттерге жаңы ыкма менен билим берүү 2022-жылы киргизилди. Ошол жылдан тарта эле биз билим берүү программасына жаңы нукта кантип сабак өтүш керек, 1-класска келген окуучуларды социалдаштырууда болочок мугалимдер кандай ыкмаларды колдоно алышат? деген сыяктуу суроолорду алдыбызга коюп, жаңы нукта билим бере баштадык. Студенттердин айрымдары практикадан өтүп келишти, буюрса жакшы өздөштүрүп жатышат.

Муну менен катар мугалимдин баланын ата-энеси менен иштей билүүсү да билим берүүдө чоң роль ойноп жатат. Анткени, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүүнү уккан ар бир ата-эне кооптонуп, тынчсызданып жатат. Бул боюнча биздин студенттерибиз “Педагогикалык чеберчилик” сабагында билим алышты. Жалпысынан алганда болочок мугалимдердин жаңы интерактивдүү ыкмаларды өздөштүрүүсүнө аракет кылып жатабыз. Кыргызстандын эле эмес, чет мамлекеттердин да билим берүү системасын колдонуп жатабыз”,-деди ал.