Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Боливиянын Потоси жана Оруро департаменттерин байланыштырган трассада микроавтобус менен жүргүнчү ташыган фургондун кагылышынан кеминде 31 адам каза болуп, дагы 20га жакыны оор жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, 50дөн ашык жүргүнчүнү ташыган автобус Оруро шаарынан Потосиге бараткан, ал эми фургон автобуска карама-каршы багытта бара жаткан. Кагылышуудан кийин жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Потоси шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан сайга кулап түшкөн.
Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кырсык болгон жерге медициналык топтор жана полиция жиберилген, бирок окуя болгон жерге жетүүгө мүмкүн болбогондуктан куткаруу иштери бир нече саатка созулган.
Белгилей кетсек, бул Боливиянын бийик тоолуу аймагындагы катталган экинчи чоң кырсык.
“1-мартта ушул эле жолдо жүргүнчү ташыган эки автобустун кагылышынан 37 адам каза болуп, 39у жараат алган”,-деп айтылат маалыматта.