Боливияда автобус кулап, 16 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 29 Октябрь 2025 09:38
WhatsApp Image 2025-10-28 at 17.31.00.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Күн мурун Боливиянын Кочабамба департаментинде автобус жарга кулап кетип, кеминде 16 киши каза болуп, 36 киши жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, автобус тик тоолуу жолдон тайгаланып, 600 метр тереңдиктеги сайга кулап кеткен. Жаракат алгандар, анын ичинде 23 жаштагы айдоочу Квильяколло шаарындагы ооруканаларга жеткирилген.

Боливиянын жол полициясынын башчысы Омар Сегада билдиргендей, унаа чукул бурулушта кырсыкка учурады жана ал бара жаткан маршрут өзүнүн тар жолдору жана начар көрүнүшү менен белгилүү.

Алдын ала иликтөөдө автобустун ичине эл көп толуп, катуу ылдамдыкта жүргөнү аныкталган.