"Бизнести агартуу кербени" маалыматтык кампаниясы. Ишкерлер жеринде кеп-кеңештерди алды

Коом Загрузка... 24 Апрель 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-04-24 at 09.35.28.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. "Бизнести агартуу кербени" маалыматтык кампаниясында ишкерлердин басымдуу бөлүгү жеринде кеп-кеңештерди ала алды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Инвестициялык кеңештин катчылыгынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперти Чолпон Асакеева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 25-марттан 22-апрелге чейин өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Анда ишкерлерге салык жана эмгек мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, мамлекеттик колдоо чаралары жана аймактык инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтар берилди.

“Бизнести агартуу кербени" маалыматтык кампаниясы JIA бизнес ассоциациясы жана Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте уюштурулду. Мында ишкерлер узаткан суроолордун 60-70 пайызына дароо жеринен жооп алышты. Ал эми калган суроолорду биз карап чыгып, ар бир ишкер менен мындан ары да байланыш түзүүнү уланта беребиз. Дээрлик бир айга созулган кампанияда мамлекет менен бизнестин ортосунда аянтча түзүлүп, салык, эмгек мыйзамындагы өзгөртүүлөр, аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле каржылык жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатында өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын өкүлдөрү да кеп-кеңештерин берди. Мындан тышкары, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруунун шарттары тууралуу кенен маалыматтарды айтышты”, - деди ал.

Чолпон Асакеева "Бизнести агартуу кербени" өз жыйынтыктарына жетише алганын, маалыматтык кампанияга 2 миңден ашуун ишкер тартылганын белгиледи.

Муну менен катар эксперт маалыматтык кампаниянын жүрүшүндө жаш ишкерлерди аймактарды өнүктүрүү үчүн экономикалык ишмердүүлүккө тартуу боюнча маселелер көтөрүлгөнүн да кошумчалады.