Кыргызстандагы көлдөрдүн экологиясына залакасын тийгизген негизги көйгөйлөрдүн бири – балык уулоодо колдонулган синтетикалык торлор. Алар көлдөрдүн табигый экосистемасын бузуп, балыктар менен канаттуулардын жашоо чөйрөсүнө зыянын тийгизип келет. Маселенин олуттуулугуна байланыштуу мыйзамдык чаралар көрүлүп, жакынкы араларда өлкө башчысы акыркы үч жылда 5 700 чакырымдан ашык синтетикалык тор алынганын белгилеп, жарандарды жаратылышты сактоого чакырды. Браконьерликке каршы күрөш күчөтүлгөнүнө карабай, маселе толук чечиле элек. Бул багытта Ысык-Көлдө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов “Кабар” агенттигине айтып берди.

Көл экосистемасы акырындык менен калыбына келүүдө
Өлкө башчысынын жарлыгынын негизинде Ысык-Көл акваториясындагы мыйзамсыз салынган синтетикалык торлорду алып чыгуу жана андагы башка дагы таштандыларды тазалоо милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, ал эми анын ичинен биздин кызматка жүктөлгөн. Буга байланыштуу биз 2023-жылдын март айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз тазалоо иштерин жүргүзүлүп келебиз. Өзгөчө Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондорунан торлор көп чыгарылды. Аталган участкаларды тазалап кетсек, браконьерлер кайра эле салып кеткен учурлар болуп жатты. Күндүзү тазаласак, түнү кайра торго толтуруп коюп жатышты.
Акыркы жылдары бул жагымсыз көрүнүш азайып, учурда суучулдар менен ар кандай ыкмаларды колдонуп, көлдүн түбүндө калган эски торлорду чыгарып жатабыз. Жаман жери – бул синтетикалык торлор башка материалдардай чирип жок болуп кетпестен, канча бир жылдарга чейин жүрө берет экен. Андан сырткары, балык уулайм дегендер бир салганда онго чейин тор салышат экен.
Ошондой эле көлдүн ар кандай агымына, андагы жан-жаныбарлардын жүрүү маршруттарына жараша бул торлор алардын жашоо-тиричилигине тоскоолдук жараткандыктан, биринчи жылдары суу астындагы жандыктар кадимкидей сейрек болчу. Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин жана башка дагы ыктыярчылардын күжүрмөн эмгеги менен бул көрүнүш мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшырды десек болот.

Синтетикалык торлор азайса да, толук жоголо элек
Тазалоо ыкмаларына ылайык, биздин суучулдар торлорду таап чыгып, аларды тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришет. Себеби, аларды өзүнүн тартиби менен өрттөп жок кылуу керек болот. Алгач 2023-жылы 218 миң метр узундуктагы торлорду алып чыкканбыз. Былтыр 112 миң метрден ашыгыраак, ал эми быйыл 71 миң метрден ашуун тор чыгардык. Азайды, бирок дагы деле чыгып жатат. Муну менен көлдүн бардык акваториясы кир деп айтыштан алысмын. Таза жерлери да көп, албетте. Бирок, атайын балык уулоочу жерлерден чыккан синтетикалык торлор түгөнүп бүтө элек.
Башында суунун үстүңкү бетин тазаласак, азыр эми суунун түбүндө калып калгандарын чыгаруу менен алекпиз. Аны салуунун дагы ыкмалары түрлүү болуп, мисалы, торду ошол жерге бекитүү үчүн атайын темирди орнотуп, таш, кум салынган желим бөтөлкө, каптарды колдонушат экен. Ал эми мунун баары эле таштанды болуп саналат да.

Жээктен көл түбүнө чейинки таштандылар
Андан сырткары, көлгө канчалаган эс алуучулар келип, аларга кызмат көрсөтүүчү жайлар өз ишин жүргүзүшөт. Муниципалдык жана жапайы пляждар бар. Алар жайгашкан жерлерден дагы абдан көп таштандылар чыгат. Көп учурда адам өзү менен эмнелерди алып барса, ошонун дээрлик 70% калтырып кеткен болот. Атайылап көлгө ыргытпаса дагы, көл жээктеги ар кандай аба ырайынан, же шамал учуруп, же толкун агызып, анын натыйжасында көлдүн ичине кирет. Таштандылар суунун түбүндө деле ар кайсы жерде жайылып жатпастан, табигый жол менен пайда болгон чуңкурчаларга чогула берет экен. Биз аларды таштанды челегинен алып чыгаргандай эле он күндөп же бир жумалап чыгарабыз. Ошондой эле алардын көбү өзү чирип, жок болуп кетпеген желим, полиэтилен заттар болот. Андан сырткары, кагаз, кийим-кече, тамак-аштардын калдыктары ж.б. Атап айтканда жээкке эмнелер алынып келинсе, ошонун баары чыгат. Ал тургай кандайдыр бир жолдор менен келип кошулган жаныбарлардын сөөктөрү да чыккан учурлар кездешет.

Суу алдындагы эмгек – жээктеги жоопкерчиликтен көз каранды
Бүгүнкү күндө 60-80 метрге чейин кирген суучулдарыбыз дайындалып жатат. Негизи тазалоо иштеринде 35-40 метрге чейин түшүп жатабыз. Таштандылардын көбү 3 метрден 20 метрге чейинки тереңдикте көп кездешет дагы, андан ары сейрек болот.
Суудагы жандыктар урук чачуу мезгилинде жээкке жакын келишет. Дал ошол убакта браконьерлердин активдүүлүгү да жогорулайт. Ал эми биздин тазалоо иштерибиз жыл бою уланат, бирок кыш мезгилинде көлдүн айрым бөлүктөрү (15–20 см калыңдыкта) тоңгондуктан, убактылуу гана токтоп кайра уланат.

Элдин көз карашы өзгөрдүбү?
Синтетикалык торлорду сатууга, колдонууга тыюу салынып, айрым балыктардын түрлөрүн кармаганга мораторий жарыяландан кийин өзгөрүүлөр байкалды. Ички иштер министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги да иш алып барууда. Андан сырткары, эл арасында да түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлүп жатат. “Мурун балык кармачумун, азыр токтоттум” деген жарандарды да угуп калып жатабыз. Жалпылап айтканда 2023-жылга салыштырмалуу көл кыйла тазаланды. Ар бир эс алуучу жайга өзүнүн территориясынын тазалыгына көңүл бөлсүн деген талап киргизилди.
Негизи биздин ишибиз адамдардын көлгө кылган мамилесинен көз каранды десем болот. Өзүбүз таза болуп, аяр мамиле кылсак эртең деле токтоп калышы мүмкүн. Ал эми өзгөрүү болбосо тазалоо иштери айла жок улана берет.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу системалардын тизмегин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому кабыл алынган. Ошондой эле, 2024-жылдын 12-июлунда балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу системалардын жок кылуу тартиби бекитилген.