Биткоиндин баасы кескин төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 24 Ноябрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-11-24 at 08.13.23.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Биткоиндин баасы кескин төмөндөп, 86 миң доллардан түштү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, криптовалютанын баасынын түшүшүнө АКШдагы эмгек рыногунун аралаш жыйынтыктары себеп болгон. Бул фактор инвесторлордун Федералдык резерв системасы жакынкы айларда пайыздык чендерди төмөндөтөт деген үмүтүн азайтып, рынокто сатуунун жаңы толкунуна жол ачты.

Forexmart маалымдагандай, биткоиндин баасы 6,8%га төмөндөп, 85 702,60 долларды түзгөн. Бул апрель айынан бери байкалган эң төмөнкү баа.

Биткоин өткөн аптада 8%дан ашык жоготууларга учураган.

АКШнын эмгек рыногу боюнча жарыяланган отчётко ылайык, жумуш орундар саны 119 миңге көбөйгөн, ал эми жумушсуздук деңгээли 4,4%га чейин жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр экономикалык белгисиздикти күчөтүп, инвесторлор арасында тынчсыздануу жараткан.