Бишкектин тургуну абаны тазалоочу мунара долбоорун сунуштады

Коом Загрузка... 13 Май 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 12-майда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Свердлов районунун тургундары менен жолугушту.

Мэриядан маалымдашкандай, жолугушуу Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин базасында өтүп, ага 200дөн ашуун тургун катышты.

Шаардыктар жер тилкелери, ирригация, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана майыптыгы бар балдар үчүн квоталар боюнча маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, тургундардын бири “LED-жарнамасы менен абаны тазалоочу шаардык мунаралар” долбоорун сунуштады.

Бардык кайрылуулар ошол жерден каттоого алынды. Ошондой эле атайын аянтча уюштурулуп, анда тиешелүү кызматтардын адистери тургундар менен биргеликте түшкөн маселелерди ыкчам карап чыгышты.

Айбек Жунушалиев журналисттердин 12-майда Свердлов районунун тургундары менен болгон биринчи жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

Шаарды көрктөндүрүү маселесинде тургундардын пикирлери ар кандай болууда: социалдык тармактарда шаардыктар бак-дарактардын кыйылышын сынга алышса, жолугушууда куураган дарактарды алып салуу өтүнүчтөрү да айтылды.

Мындан тышкары, Чокан Валиханов жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө курулуп жаткан учурда питомниктеги дарактарды тамыры менен көчүрүп отургузуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар мэри көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча так мөөнөттөрдү жана тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-майда саат 16:00дө шаар жетекчисинин М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусу өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.