Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүгө жана жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда айтылды.
Маалымдалгандай, 2027-жылга шаарды өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууну караган жол картасы даярдалган. Тактап айтканда, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 585 млн сом, туризм тармагын, анын ичинде экотуризмди өнүктүрүүгө 215 млн сом, жашыл жана коопсуз шаарды калыптандырууга 125 млн сом, ошондой эле шаардын тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактоого жана сырткы келбетин жакшыртууга 75 млн сом бөлүү пландалууда.
Мындан тышкары, шаардын дараметин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде №76 кесиптик лицейдин базасында жогорку окуу жайын ачуу маселелери каралууда.
Белгилей кетсек, 2021-жылга салыштырмалуу 2025-жылы шаар бюджетинин аткарылышы 196,1%га өскөн. 2025-жылы президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен бир катар иштер жүргүзүлүп, анын ичинде 9,7 чакырым жол асфальтталган.