Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин аймагында жайгашкан имарат "Мектеп 21" долбоорунун алкагында заманбап IT-билим берүү борборуна айландырылууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 3 миң 43,72 чарчы метрди түзгөн эки корпустуу имаратта IT-класстар, компьютердик кластерлер, сервердик бөлмөлөр, конференц-зал, ашкана жана жатакана каралган.
Долбоордун авторлору объектте автордук көзөмөл жүргүзүп, курулуш иштеринин долбоорго шайкештигин текшеришти. Реконструкция иштери 2025-жылдын 1-июлунда башталган.