Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. 1-октябрь Кыргыз Улуттук тарых музейинде STEAM4Girls "Учур чакты жана келечекти кыздар жаратууда" долбоорунун III фазасынын улуттук деңгээлдеги ачылышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, долбоор илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) багыттарында кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын сапаттуу билим алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЮНИСЕФ, өнөктөш уюмдар, педагогдор жана жаштар катышат. Анын алкагында STEAM багытында кыздардын жетишкендиктери тааныштырылып, тажрыйба алмашуу жана алардын мындан аркы өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланат.