Бишкектин түштүк тарабына тез жардам станциясы ачылат

Ден соолук Загрузка... 21 Январь 2026 18:18
WhatsApp Image 2025-12-04 at 15.14.48 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бишкектин түштүк тарабын тейлей турган тез жардам станциясы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуштун долбоору даяр. Жаңы станция пайдаланууга берилсе, диспетчерлердин саны 24кө жеткирилет. Ошондой эле кичи райондордон түшкөн чакырууларга тез жетип, чыгымдар да азаят.

“Эми шаардын түштүк жагына жаңы бөлүм ачабыз. Учурда долбоордун документтери даяр. Саламаттык сактоо министри да бул долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын айткан. Бул станцияны курсак, 15 бригада кошулат, диспетчерлердин саны 24кө жеткирилет. Сүйөркулов көчөсүндө жайгаша турган (4-төрөт үйү тарапта) бул станция ишке кирсе, жол чыгымдары кыйла азаят жана эң башкысы чакыруу түшкөн дарекке тез жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер 10-15 мүнөттүн ичинде барып калат деп ойлойбуз”, - деди ал.