Бишкектин эки конушунда 20-октябрда суу өчөт

Коом 15 октябрь 2026 16:30
images (1).jpg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 15.16.05.jpeg
Алдыга
Артка
images (1).jpg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 15.16.05.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бишкектин эки конушунда 20-октябрда суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-октябрда Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында суу болбойт.

Суу берүү “Ала-Тоо” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.