Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. 14-июнда Чүй - Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгүндө авария катталып, суу берүү үзгүлтүккө учурады.

Мындан улам, төрт күндөн бери Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жана "Берен Голд" соода борборунун имараттарында суу жок.
Аталган аймакта “Олд Бишкек” долбоорунун курулушу жүрүп жатат. Долбоордун жетекчиси Нариман Түлеев авариялык абалга куруу иштеринин тиешеси жок экенин белгиледи.

“Бул жерде эч ким сууну токтоткон жок. Кире бериш жерди көрүп турасыздар. Биз ошол жерди гана бузуп жатабыз. Сууга биздин эч кандай тиешебиз жок”,-деди ал.

Белгилей кетсек, аварияны жөнгө салуу үчүн “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын адистери жана техникасы тартылган. Чүй кең жолун кесип өткөн суу түтүктөрүн толук алмаштыруу иштери жүрөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси Эрлан Тимуров да буга “Олд Бишкек” долбоорунун курулушунун тиешеси жок экенин ырастады.
“Чүй - Шопоков көчөлөрүндө “Арбат” мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Биздин ишкананын адистери жерине эки ирет барып, эки жерден авариялык абалды табышкан. Күн мурун ал жерде турган унааларды алдырып, авариялык абалды жөнгө салууга тапшырма берилген. Бүгүн да биздин адистер эртеден бери иштеп жатышат. Керектүү техникалар да жиберилди”,-деди ал.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын өкүлү Ишенгазы Жапаркулов белгилегендей, суу түтүгүнүн эскилиги жеткендиктен, учурда түтүктү толугу менен алмаштырууга туура келип, ага бир нече убакыт керектелет.

“Жабдыктардын эскилиги жеткен. Ошондуктан суу түтүгү жарылып, суу буга чейин деле агып келген. Курулуш иштерин жүргүзгөндөр жерди казганда сууну жабууга туура келди. Учурда суу түтүктү толугу менен алмаштырып жатабыз. Бүгүн сууну бергени аракет кылабыз”,-деди ал.