Бишкектин Чүй проспектисиндеги тротуар оңдолууда

Коом Жүктөлүүдө... 25 Апрель 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бишкекте жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоо жана борбор калааны көрктөндүрүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектисинин Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун түндүк тарабында тротуарды оңдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда тротуардын негизи даярдалып, грейдер менен тегизделип, ныктоо иштери жүрүүдө. Буга чейин эски асфальтты сыйруу, тротуар бордюрларын орнотуу иштери бүткөрүлгөн.